Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

КТРК “Аалам сырлары” боюнча маалымат берүүдө


Бүгүн Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчилиги 2013-жылы аткарылган иштер боюнча жана "Аалам сырлары” көрсөтүүсүнүн айланасындагы чыр боюнча маалымат берүүдө. Ага ылайык, аталган көрсөтүүдө коррупциялык иштер орун алганы аныкталды. Бирок ага тиешеси бар делген Дана Абдыбекова КТРКда эмгектенбей турганын каналдын жетекчилиги билдирүүдө.

“Аалам сырлары” берүүсүнүн бир катышуучусу менен продюсер Дана Абдыбекованын телефон сүйлөшүүсү 19-февралда интернетте тараган. Анда “көзү ачык” менен Дана Абдыбекова банктан алынчу 20 миң акча тууралуу сүйлөшкөн. Диалогдун мазмуну боюнча, акча программанын режиссеру Асыл Аппасовага пара катары берилиши керек болчу. Бул аудио тасма интернетке тараган соң “Аалам сырлары” көрсөтүүсү жабылып, аны даярдаган чыгармачыл топ иштен четтетилген. (BkA\UEz)

XS
SM
MD
LG