Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Бюджеттин аткарылышы талкууланды


Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда республикалык бюджеттин аткарылышы жана быйылкы жылдагы бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктары талкууланды. Атамбаев бюджетти так аткарууну талап кылып, бардык социалдык милдеттенмелерди ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле президент 2013-2017-жылдар аралыгында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген долбоорлорду өз учурунда каржылоо керектигин эскертти. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG