Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Чек арадагы чырды биргелешкен тергөө тобу иликтейт


11-январда Баткен облусунун Ак-Сай айылына жакын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чырды эки өлкөнүн прокурорлорунан түзүлгөн тергөө тобу иликтейт. Мындай чечимге 21-февралда Баш прокурорлор кой койгонун көзөмөл органдан бүгүн кабарлашты. Жаңы түзүлгөн тергөө тобуна аскер прокуратураларынын жана башка тартип коргоо органдарынын кызматкерлери кирди. Алар чек арадагы чатактын себептерин иликтемекчи.

Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жолду курууга байланыштуу 11-январда кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда куралдуу кагылыш чыккан. Анда кыргыз тараптан алты, тажик тараптан үч чек арачы жарадар болгон. Бул окуядан соң Бишкек Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган. Андан бери эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөнү менен тараптар бири-бирин айыптап, мунаса таба албай келет. Буга чейин Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон баштаган делегация Бишкекке сүйлөшүү үчүн эки жолу келген. Чек ара боюнча кийинки сүйлөшүү март айынын башында Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өтөөрү маалымдалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG