Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында пикет өтүүдө


Ушу тапта жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында акция өткөрүүдө. Ал белорус президенти Александр Лукашенконун Украинадагы соңку окуялар боюнча айткандарына нааразылыгын билдирүүдө. Токтонасыровдун "Азаттыкка" айтымында, Лукашенко Украина жана Кыргызстандагыдай окуялар Беларуста кайталанбай турганын билдирген. Бирок укук коргоочу колуна “Лукашенко, жакында Минскте да Майдан болот!”, “Бакиев өңдүү диктаторду өткөрүп бер” деген жазууларды кармап, Беларуста да өзгөрүүлөр болоорун эскертүүдө.

Мурунку президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тартканы үчүн Беларус бийлигин сындаган жарандык активист буга чейин да элчиликтин алдында көп жолу нааразылык акцияларын өткөргөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG