Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Украинада президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


Украина парламенти - Жогорку Рада кезексиз шайлоо өткөрүү жөнүндө чечимди президент Виктор Янукович бийликтен кулатылгандан соң 22-февралда кабыл алган. БШК талапкерлер 4-апрелден кечикпей каттоодон өтүүгө тийиш экенин эскертти. УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко президенттикке ат салышуу ниети барын билдирди.

Украина президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов парламентти 27-февралдан кечиктирбей улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө чакырды. Бүгүн 25-февралда Батыш дипломаттары Киевде болчу кездешүүдө Украинанын жаңы жетекчилигин өлкөдөгү саясий-экономикалык реформаны тездетүүгө үндөйт. АКШ мамкатчысынын орун басары Уильям Бернс бүгүн Киевге келет. Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон бүгүн эртең менен Киевде экс-премьер-министр Юлия Тимошенко менен жолукту. Тимошенко 22-февралда Украина парламентинин чечими менен абактан чыккан. Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Киевге чукул арада барарын билдирди. 24-февралда украин бийликтери дареги белгисиз Виктор Януковичти “кызыл кыргынга” жооптуу деп, аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG