Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Баткенде ымыркай айланасындагы чыр иликтенүүдө


Баткендин Лейлек районунун Интернационал айылдык ооруканасында 29-январда 28 жаштагы келин өзү төрөгөн кызын ошол эле күнү Разаков айылынын тургунуна берип койгон. Бул тууралуу жергиликтүү милициядан “Азаттыкка” кабарлашты. Ымыркайдын башка колго өтүшүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Учурда бул окуя боюнча тергөө, соттук-медициналык экспертиза жүрүүдө. Наристенин энеси жакындарына кыз төрөт учурунда чарчап калганын айткан. Учурда ымыркай ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Келиндин жакындары азырынча бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. (JsA)

XS
SM
MD
LG