Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Кытайдын көпчүлүк бөлүгүн ыш каптады


Кытайдын чоң бөлүгүн алты күндөн бери калың ыш каптоодо. 25-февралда Бээжинде бир чарчы метр жерге 444 микрограмм ыш түшкөн. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун орточо нормасынан 16 эсе көп. Саламаттык уюмунун коопсуздук нормасы боюнча, 1 чарчы метрге түшкөн ыштын көлөмү 25 микрограммдан ашпоо керек. Зыян газдардын бөлүнүүсүн азайтуу үчүн Кытай бийлиги шаардагы 147 ишкананы жапкан болчу. Коомчулуктун тынчсыздануусун басаңдатуу үчүн 25-февралда президент Си Цзинпиндин Бээжиндеги популярдуу ресторандардын бирине беткапсыз бараткан фотосүрөтү жарыяланды. Кытайдын чыгышындагы Хэбэй провинциясынын борбору Шицзячжуан шаарынын жашоочусу абанын ашыкча булгануусуна жол берип, жарандардын ден соолугуна зыян келтирди деп өкмөттү сотко берди. Буга чейин Кытай жарандары абанын булгануусуна байланыштуу өкмөттү сотко берген учур болгон эмес.

XS
SM
MD
LG