Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Италияда сенаторлор Маттео Ренциге ишеним көрсөттү


Италия парламентинин жогорку палатасы - Сенат премьер-министр Маттео Ренцинин коалициялык өкмөтүнө ишеним көрсөттү. Бүгүнкү, 25-февралдагы колго салууда Ренцинин үч күн мурда түзүлгөн өкмөтүнө ишеним көрсөтүү үчүн Сенаттын 169 мүчөсү добуш берди, 139 добуш каршы болду. Орточул демократтык партия башындагы коалициялык өкмөткө "Жаңы оңчул борбор" жана "Жарандык тандоо" партиясы башындагы оңчул партиялар кирди. Оппозицияда экс-премьер-министр Сильвио Берлусконинин “Алга, Италиясы”, Түндүк Лигасы болуп беш партия калды.

39 жаштагы Маттео Ренци Италиянын тарыхындагы эң жаш премьер-министр. Бир жума илгери партиялашы Энрико Леттаны премьер-министрликтен кетирүү боюнча саясый кутумду баштаган Ренци парламентарийлерди улуттук экономиканы бутуна тургузам деп убада кылып, өзүнө ишендире алды.

XS
SM
MD
LG