Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Орусияда ымыркайды саткан өзбекстандык аялдар кармалды


Санкт-Петербургда жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылган өзбекстандык эки аял камакка алынды. Шаардык прокуратура 24 жаштагы Мафтуна Юсупова жана анын апасы, 50 жаштагы Рахилахан Юсупова эки айга убактылуу абак жайга отургузулганын маалымдады. Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, Мафтуна Юсупова 18-февралда төрөлгөн баласын сатканга кардарды апасынын жардамы менен тапкан. Наристе 22-февралда аты аталбаган полиция кызматкерине 80 миң рублге же 2250 долларга сатылган. Аялдар ошол замат камакка алынган.

XS
SM
MD
LG