Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:27

Жогорку Кеңеште жаңы депутаттык топ түзүлдү


Жогорку Кеңеште “Демократтар” аттуу жаңы депутаттык топ түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” топтун мүчөсү Равшан Жээнбеков кабарлады. Анын айтымында, депутаттык топтун курамына КСДПдан Исмаил Исаков, эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов, "Ар-Намыстан" Бөдөш Мамырова кирди. Топтун лидерлигине Исмаил Исаков шайланды.

Былтыр Жогорку Кеңеш депутаттын макамы тууралуу мыйзамга алымча-кошумча киргизип, депутаттарга парламенттик фракциялардан чыгып, өз алдынча топторго кошулганга жол ачкан. Бул топтор өз кезегинде коалициялык азчылыкка же көпчүлүккө кире алат. Буга чейин парламентте "Реформа үчүн", "Биримдик жана Ынтымак" жана "Өнүгүү" аттуу үч депутаттык топ түзүлгөн болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG