Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Сариев: Кыргызстан Бажы биримдигине качан кирээри белгисиз


Кыргызстан Бажы биримдигине качан кирээри азырынча белгисиз. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт Кыргызстандын бул уюмга кирүү позициясын билдирген программа түзүп жатат. Ал кийин Орусия менен макулдашылат. Ошондой эле Сариев эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүнү чечсе, бул тууралуу жарандарга алдын ала маалымат берилээрин кошумчалады.

Бажы биримдиги 2010-жылы түзүлгөн. Ага учурда Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Кыргызстан 2011-жылдан бери кошулуу ниетин билдирип келатат. Бирок коомчулукта өлкөнүн бул уюмга киришине каршы пикир арбын. Былтыр декабрда Москвада өткөн жыйында Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү шарттарын тактоо үчүн мөөнөттү узартууну суранган.(BkA)

XS
SM
MD
LG