Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Оппозиция талаптарын жарыялады


Бишкекте өткөн "Бириккен улуттук оппозиция кыймылынын" жыйыны аяктады. Анда кабыл алынган декларацияда бийликке "Бажы биримдигине кирүү боюнча референдум өткөрүү, президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, парламентаризмдин өнүгүшүнө шарт түзүү, авторитардык бийлик режиминин түзүлүшүнө каршы туруу, Кумтөр боюнча “Центерра Голд” компаниясынын таламын талашпоо" талаптары коюлду.

Кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, жакынкы күндөрү өлкөнү өнүктүрүү боюнча альтернативдүү программа жарыяланат.

"Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын" өткөн аптада түзүлгөнү кабарланган. Жаңы кыймылдын курамында Азимбек Бекназаров, Мелис Мырзакматов, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Равшан Жээнбеков жана башка бир топ таанымал саясатчы бар.(BkA/JAk)

XS
SM
MD
LG