Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Украинада утурумдук президент армияны башкаруу милдетин алды


"Бүркүтчүлөр" Киевдин четинде демонстранттарга кол салган учуру, 22-январь, 2014-жыл

"Бүркүтчүлөр" Киевдин четинде демонстранттарга кол салган учуру, 22-январь, 2014-жыл

Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов бүгүн өлкөнүн армиясына башкы командачылык милдетти өзүнө алган жарлыгын чыгарды. Кечээ ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков милициянын “Бүркүт” деп аталган атайын бөлүгүн таркатууга буйрук бергенин Фэйсбуктагы баракчасында жазган.

Өткөн аптадагы демонстранттарга карата зордукчул чабуулдар үчүн дал ушул “Бүркүттүн” мүчөлөрүн айыптап жатышат. Милициянын бул атайын бөлүгүндө түрдүү массалык тополоңдорду басууга, ыкчам аракеттерди көрүүгө машыктырылган 4 миңдей мүчөсү бар деп айтылып жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG