Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Крымдагы кагылыштарда бир адам өлгөнү кабарланууда


Европачыл жана орусиячыл протестчилердин Симферополдогу кагылышы, 26-февраль, 2014
Европачыл жана орусиячыл протестчилердин Симферополдогу кагылышы, 26-февраль, 2014
Украинанын жаңы бийлигин колдогон батышчыл протестчилер Крым автономдук республикасынын парламентине чабуул коюшту. Айрымдар жаракат алышканын, кеминде бир адам кагылыштарда набыт болгонун кабарлашууда. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу автономияда жайгашкан Кара деңиз флотун коргош үчүн орус өкмөтү тийиштүү коопсуздук чараларын көрө турганын билдирди.

Парламентке чабуул жасалганы регионалдык депутаттардын бүгүнкүгө белгиленген чукул жыйынын үзгүлтүккө учуратты. Алар Украинада бийлик алмашкандан кийинки абалды талкуулашмак.

Парламенттин алдына бүгүн жаатташкан эки башка тараптын митингдерине эки миңдей киши чогулганы, айрым жерлерде кагылыштар болгону кабарланган болчу.

XS
SM
MD
LG