Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Виктор Януковичке эл аралык издөө жарыяланаары айтылууда


Киевдин Көз карандысыздык аянтында баррикаданын бөлүгү катары пайдаланылган унаанын терезесинде В.Януковичтин сүрөтү "Издөө жарыяланды" деген сөздөр менен коштолуп тагылып турат. 24.2.2014.
Киевдин Көз карандысыздык аянтында баррикаданын бөлүгү катары пайдаланылган унаанын терезесинде В.Януковичтин сүрөтү "Издөө жарыяланды" деген сөздөр менен коштолуп тагылып турат. 24.2.2014.
Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке өлкөнүн жаңы бийликтери эл аралык издөө жарыялоого ниеттенүүдө.

Бул тууралуу Баш прокурордун милдетин убактылуу аткарып жаткан Олег Мяхницкий билдирди. Янукович менен катар эл аралык издөө мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченкого да “адамдарды кыргынга учуратуу” доосу боюнча жарыяланаары кабарланды.

Анткен менен жаңы бийликтер тийиштүү арыз менен “Интерполго” кайрылган-кайрылбагандыгы азырынча белгисиз.

Орусиянын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Михаил Маргелов Виктор Янукович Орусияда эмес экенин билдирип: “Орусия бийликтери ага саясий башпаанек беришмек эмес”, - деди.

XS
SM
MD
LG