Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Атамбаев: Украинадагыдай сыноодон Кыргызстан да өткөн


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Украиндагы кырдаалга байланыштуу тараткан билдирүүдө айтылат. Анда президент соңку окуяларда мерт кеткендердин жакындарына көңүл айтып, өлкө өз биримдигин сактап калаарына ишенимин билдирди. Өз убагында Кыргызстан да Украинадагыдай окуяларды басып өткөнүн айткан Атамбаев кырдаалды жөнгө салууда бул өлкөнүн жаңы бийлигинин жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи.

“Апрель окуясынан кийинки тажрыйба көрсөткөндөй, эл аралык өнөктөштөрдүн жардамысыз кыйынчылыктарды жеңүү оор. Тилекке каршы, азыр да Бакиевдердин үй-бүлөсү уурдаган эл байлыгы Батыш банктарында сакталууда. Ал эми негизги күнөөкөрлөр Лондон менен Минскте жашынып жүрөт" деди Атамбаев.

Өткөн апта соңунда Украинада оппозициянын демонстрацияларынан кийин бийлик алмашып, убактылуу президент дайындалган. Акыркы апталарда кагылыштарда аз дегенде 80 киши набыт болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG