Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Бишкекте кумсаларга каршы акция өттү


Бүгүн Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында 50гө жакын жаштардын тобу кумсаларга каршы акция өткөрдү. Аны “Калыс” саясий кыймылы уюштурду. Алар бул акцияда гомосексуалдардын укугун коргоп жүргөт деп жарандык активисит Илья Лукаштын сүрөтүн өрттөштү. Акция катышуучуларынын айтымында, Лукаш баштаган айрым адамдар чет өлкөлүк уюмдардын акчасын алып, кыргыздын салттуу үй-бүлөлүк нарктарын бузуп жатат.

Илья Лукаш - Кыргызстандагы жарандык активист. Ал буга чейин Кыргызстанда адам укугун коргоо, кыз алуу качууга каршы акцияларга катышып жүргөн.

Америкалык Human Rights Watch уюму быйылкы отчетунда Кыргызстанда сексуалдык азчылыктардын укугу корголбой жатканын жазган. (BkA)

XS
SM
MD
LG