Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Депутаттын тууганынын өлүмү боюнча иликтөө уланууда


Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевдин тууганы Арстанбек кызы Алтынайдын ооруканадагы өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат. Иш Бишкек шаардык прокуратурасында каралууда. Эгерде дарыгердин ишинде мыйзам бузуу аныкталса, жоопко тартылаарын прокуратура эскертүүдө.

12-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевдин ортосунда чыр чыккан. Ага аталган ооруканага түшкөн Мурашевдин жакын тууганы Арстанбек кызы Алтынайдын абалынын кескин начарлашы себеп болгон. Мурашев иниси менен бирге “келинимди жакшы карабайсың” деп аны токмоктогонун дарыгер билдирүүдө. Кечээ бул окуя боюнча депутатка жана анын тууганына карата кылмыш иш козголгону белгилүү болду.

Депутат болсо бул айыптоону четке кагып, "өз ишине шалаакы мамиле жасаган дарыгер жоопкерчиликтен качып жатканын" айтууда. 15-февралда Мурашевдин тууганы Арстанбек кызы Алтынай ооруканада өзүнө келбей каза болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG