Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

“Ак илбирс” кино сыйлыгына сынак башталды


Быйыл 16-майда кыргызстандык киночулардын мыктыларына үчүнчү жолу улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгы тапшырылат. Уюштуруучулардын айтымында, 1-марттан тарта сынак жарыяланды. Тасмалар 1-апрелге чейин кабыл алынат. Сыйлыктар 15 номинация боюнча тапшырылат.

“Ак илбирс” сыйлыгын мурдагы жылы белгилүү кино ишмерлери негиздеген. Ал кыргыз тасма өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG