Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Турчинов Орусияны согуштук агрессияга жол бербөөгө чакырды


Украин президентинин кызматын аткарып жаткан Александр Турчинов Орусияны Крымда агрессияга жол бербөөгө чакырды:

Мен Орусиянын Кара деңиз флотунун аскер командачылыгына кайрылам. Бардык аскер кызматкерлери украин-орус келишиминде айтылган аймактардын чегинде калышы керек. Эгер аскерлер, айрыкча куралчандар бул аймактын чегинен чыкса, биз муну согуштук агрессия деп баалайбыз.

Турчинов Крымда аймактык бийлик имараттарын куралчандар басып алгандан кийин шаршемби күнү украин парламентинде чыгып сүйлөдү. Ал кимдер экендиги тактала элек басып алуучуларды «аскер кийимчен кылмышкерлер» деп мүнөздөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG