Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Казакстанда дагы бир блоггер кармалды


Астана шаарында эки кесиптешин бошотууну талап кылган Нурали Айтеленов президенттик ак сарайдын алдында кармалды. Полиция аны блоггерлер Андрей Цуканов менен Дмитрий Щелоковду дароо бошотууну талап кылган жазууну жайгандан кийин кармап кетти. Цуканов өткөн аптада Алматынын акими Ахмеджан Эсимов менен жолугушууга баратканда кармалып, 18 күнгө кесилген. Анын эмне себептен соттолгонуна бийликтер түшүндүрмө берген эмес. Дмитрий Щелоков жума күнү Алматы сотуна Цукановдун эмнеге кесилгенин сураганы келгенде кармалган. Ал кийин ээнбаштыктык боюнча 10 күнгө кесилди.

XS
SM
MD
LG