Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Кыргыз интернет-ишкери чөлкөм намысын коргоду


Михаил Агеев – алгачкы кыргыз каржы порталынын түптөөчүсү
Михаил Агеев – алгачкы кыргыз каржы порталынын түптөөчүсү
Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү ири интернет-ишкерлердин башын бириктирген эң чоң StartupTurkey жыйынында Борбор Азиянын жалгыз өкүлү – кыргыз ишкери болду. Евразиянын отуздай мамлекетинен келген ишкерлердин арасынан иргелип, бишкектик Михаил Агеевдин "Акчабар" каржы порталы глобалдык интернет-базарга чыгууга алдыга кадам шилтеди.

- Евразиянын эң ири интернет-ишкерлеринин арасында Борбор Азиядан жалгыз гана Кыргызстанда бутуна туруп келе жаткан "Акчабар" долбоору катышты. Мунун өзү эле Кыргызстан дүйнөлүк интернет-базарына алдыга секирик жасаганын билдирет. Өлкөбүз үчүн бул абдан баалуу тажрыйба, – деди "Акчабардын" түптөөчүсү Агеев.

Түркиянын Анталия шаарында өткөн жыйында Кыргызстандын "Акчабар" каражат которуу кызматы дүйнөлүк ири капиталдык үлүш корлорунун жана батыш инвесторлорунун көңүлүн өзүнө бурду. Ааламторду чектөөнү пландап жаткан Түркияда интернет-ишкерлеринин жыйыны өткөнүнүн өзү катышуучулардын мактоосуна арзыды. Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан гана катышканы чөлкөмдөгү интернет-базарында кыргыз ишкерлери коңшуларынан олуттуу озуп кеткенин айгинелейт. (BAz)

XS
SM
MD
LG