Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

НАТО Ооганстандан аскерлерин жыл аягына чейин чыгарат


НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Ооганстандагы альянстын аскерлерин ушул жылдын аягына чейин чыгарыларын билдиришти. Бейшембиде Брюсселге чогулган аскердик альянска мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери 2014-жылдан кийин да Ооганстанда аскерлерди калтыруу боюнча АКШ менен келишимге президент Хамид Карзайдын кол койбогону ишенимди азайтканын билдирди. Буга чейин НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен тиешелүү келишимге кол коюлбаса, альянстын аскерлеринин ооган жергесинде калышы мүмкүн эместигин билдирген.

Эгер аталган келишимге кол койсо, анда 2014-жылдан кийин Ооганстандын күчтөрүн машыктыруу жана террорчулукка каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн НАТОнун “чектелүү сандагы” аскерлерди калтырары каралган. Бирок ушул жылдын апрелинде президенттик мөөнөтү бүтө турган Хамид Карзай АКШга бир нече талаптарды коюп, келишимге кол коюуну кечеңдетип келет.

XS
SM
MD
LG