Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

ЕККУ Жалал-Абад милициясына көмөктөшүүдө


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун "Коопсуздук демилгеси" долбоорунун башчысы Тодор Стайков менен жолукту. Коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу, жер-жерлерде милиция борборлорун ачуу тууралуу сөз болду.

Облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Сузак районундагы эскилиги жетип, жараксыз болуп калган Октябрь жана Кызыл-Туу айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн имараттарын марафон өткөрүү аркылуу кайра куруу жагы белгиленип, массалык башаламандыктардын алдын алуу, андай учурларды жоюуну үйрөтүү үчүн ЕККУнун семинарларын өткөрүү макулдашылды. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG