Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Жайыттар боюнча электрондук база түзүлдү


Кыргызстанда жайыттар боюнча электрондук база түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Ирэна Байтанаева билдирди. Анын айтымында, база «Айыл чарба инвестициялары жана тейлөө» долбоорунун техникалык колдоосу менен Жайыт департаментинде түзүлдү. Ал быйыл облустук түзүмдөрдүн баарында пайдаланууга берилгени жатат. Январда Чүйдөгү Сокулук районунун Кайназаров айылында сынактан өттү.

Электрондук базада жайыттардын абалы, жайыт пайдалануучулар тууралуу кеңири маалымат бар болот. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 454 жайыт пайдалануучулар бирикмеси бар. (RK)

XS
SM
MD
LG