Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Батыровдон чегерилген мүлк боюнча кылмыш иш козголду


Жалал-Абадда прокуратура издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдон мамлекетке өткөн мүлкүн уурдады деп шектелгендерге карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук прокуратурадан кабарлашты. Иш Кылмыш кодексинин уурулук жана кайдыгерликке байланыштуу беренелери боюнча козголду.

Прокуратуранын маалыматында, өткөн айда "Ал-КАБ" уюмунун жетекчиси жергиликтүү тургундардын бири менен кошо Батыровго тиешелүү болгон цемент сактай турган 6 цистернаны уурдап, аны металл катары 250 миң сомго сатып жиберген. Акчаны үч киши бөлүп алган. Сот аркылуу мамлекетке чегерилген бул мүлк облустук сот департаментинин көзөмөлүндө болчу.

Батыров июнь окуясы боюнча сыртынан соттолуп, анын мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилген. Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана ЖКнын экс-депутаты Кадыржан Батыров өзүнө коюлган айыптарды маалымат каражаттары аркылуу четке кагып келет. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG