Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

Корея республикасы Кыргызстанда шайлоону жакшыртууга көмөктөшөт


Корея республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстандын шайлоо системасын жакшыртууга көмөктөшөт. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуусунда сөз болду.

- Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоо үчүн KOICA уюму колдоо көрсөтөт деген үмүттөбүз. Учурда мамлекет башчынын демилгеси менен бул боюнча түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат, - деди төрага.

Агенттиктин президенти Ким Ён Мок Кыргызстандагы парламенттик демократияны жогору баалап, мамлекеттик органдарды реформалоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 1,5 жылдан кийин, ал эми президенттик 2017-жылы өтөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG