Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

ӨКМ: Күн жылып, тоолуу жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн


28-февралдан 3-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кооптуу абал сакталып турат. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Күн жылып, жолдорго кар көчкү түшүшү ыктымал.

Айрыкча Бишкек – Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Каракол – Эңилчек (45-90 км), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 км), Казарман – Акталчат (68-70 км), Баетов – Ак-Кыя (63-68 км) жана Арал – Миң-Куш (5-36 км) жолдорунда айдоочулар өзгөчө этият болуп, 500 метр аралыкты так кармоосу зарыл.

Соңку бир апта бою Кыргызстанда аба ырайы кескин муздап, түнкүсүн тоолордо -25 градустан ашып жатты. Ал эми кечээтен тарта күн кайра жылый баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG