Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Кембрижде Нооруз майрамдалат


Кембриж шаары, Англия, Улуу Британия.
Кембриж шаары, Англия, Улуу Британия.
Британиядагы Кембриж университети 13-мартта Нооруз майрамына арналган салтанат өткөрөт. Салтанатты окуу жайдын Борбордук Азия форуму жана Кембрижде окуган борбор азиялык, кавказдык студенттер уюштурат. Иш-чара тууралуу аталган университет маалымдады.

Майрам XII кылымда курулган байыркы Жезус чиркөөсүндө өтөт. Ар улут өзүнүн өнөрүн тартууламакчы. Маселен, кыргызстандыктар майрамдык оюн-зоокто элдик музыка аспаптарын чертишип, ыр ырдап, тамак-аш тартуулап, бий бийлеп жана улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн көйнөктөрдү көрсөтөт.

Майрамга Британиядагы кыргыз элчилигинин колдоосу менен бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу, Англиядагы кыргыз коомдук уюмдары, кыргызстандык чыгармачыл инсандар, илимпоздор, студенттер, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн дипломаттары жана 300дөн ашык коноктор катышат.

Лондондо Нооруз 20-мартта Гринвичтеги Голдсмит коллежинде, 21–22-мартта "Паша" кыргыз даамканасында жана 23-мартта Лондон университеттик коллежинде (UCL) майрамдалат. Жазгы майрам Шотландиянын борбору Эдинбургда дагы белгиленет. (BAz)

XS
SM
MD
LG