Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Украина Крымдагы кырдаалды талкуулоого Коопсуздук кеңешин чакырды


Украин парламенти Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Крымдагы кырдаалды талкуулоого чакырды. Куралчандардын Крымдагы эки аба бекетин басып алышын украин бийликтери орус күчтөрүнүн «согуштук баскынчылыгы» деп мүнөздөп жатат. Украин президентин кызматын аткарып жаткан Турчинов Москваны Украинанын суверендүүлүгүнө коркунуч келтирүүчү кадамдарын токтотууга чакырды. Европа комиссиясы бардык тараптарды сабырдуулукка үндөдү. Орусиянын Кара деңиз флоту Севастополдогу аба бекетти басып алууга өзүнүн тиешеси жок экендигин билдирди. Ал арада Украина Орусиядан бийликтен четтетилген жана «массалык кыргын» үчүн айыпталган президент Виктор Януковичти өткөрүп берүүнү сурай тургандыгын бышыктады. Янукович учурда Орусиянын Ростов-да-Дону шаарында пресс-конференция берүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG