Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Янукович: Украинанын келечеги үчүн күрөшүмдү улантам


Украинанын кызматтан четтетилген президенти Виктор Янукович маалымат жыйыны маалында. Ростов-на-Дону шаары, Орусия Федерациясы. 28.2.2014.

Украинанын кызматтан четтетилген президенти Виктор Янукович маалымат жыйыны маалында. Ростов-на-Дону шаары, Орусия Федерациясы. 28.2.2014.

Украинанын бийликтен четтетилген президенти Виктор Янукович Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на-Дону шаарында 28-февралдагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө «Украинанын келечеги үчүн күрөшүмдү улантам» деп билдирди:

– Мага Украинанын келечеги үчүн күрөштү, террор жана коркутуу аркылуу өз көзөмөлүн орнотууну көздөгөндөргө каршы күрөштү улантууну максат кыларымды айтууга мезгил жетти.

Бул Януковичтин бир жумача мурда Киевден качып кеткенден кийинки биринчи пресс-конференциясы болду. Ушул тапта сүйлөп жаткан Янукович өзүнүн жана жакын адамдарынын өмүрүнө түз коркунуч келгендиктен улам Украинадан кетүүгө мажбур болгондугун билдирди.

Ал Украинанын жаңы бийликтерин «фашист, ууру-кескилер» деп мүнөздөдү жана «алар аз сандагы украиндердин гана кызыкчылыгына кызмат кылат» деп ырастады. Янукович ошондой эле кризис мезгилинде туруктуулукту жана мыйзамдуулукту камсыздай албаганы үчүн кечирим сурады.

Ал Батыш өлкөлөрүн «демонстранттарды колдоп, жоопкерчиликсиздигин көрсөттү» деп сынга алды. Януковичти президенттик кызматтан четтеткен Украинанын жаңы бийликтери Орусиядан аны өткөрүп берүүнү сурай тургандыгын билдирген.
XS
SM
MD
LG