Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Тажикстанга адашып учуп барган студент Орусияга кайтты


Евгений Самошкин, Коргон-Төбө аба майданы, Тажикстан, 28.02.2014.
Евгений Самошкин, Коргон-Төбө аба майданы, Тажикстан, 28.02.2014.
Орусиянын Курган шаарына эл аралык илимий жыйынга сапар тарткан 19 жаштагы Евгений Самошкин 28-февралда Уралдагы Курган шаарынын ордуна Тажикстандын Коргон-Төбөсүнө учуп келди. Бул тууралуу ал учкан Москва – Коргон-Төбө каттамын аткарган "Ист Эйр" аба жолдору компаниясы кабарлады.

Саха жумуриятынын борбору Якутск шаарындагы М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Самошкиндин оюнча, билетти саткан кассир ката кетирген өңдөнөт. Орус тилинде Коргон-Төбө – "Курган-Тюбе" деп жазылат. Орусиянын 19 жаштагы жараны Тажикстанга учуп келгенин аба майданда гана баамдаганын айтты.

"Аба майданында мага толтуруу үчүн миграциялык картачаны бергенде таң калдым. Анан бардык кулактандыруулар башка тилде болуп жатканын эч түшүнө албай койдум. Аба майданынан сыртка чыксам, таксичилер өмүрүмдө укпаган шаарларга алып барууну сунушташты. Кайра кайтып, маалыматканага барсам, мага Тажикстанга келгенимди айтышты", – деди Самошкин.

"Ист Эйр" аба жолдору компаниясы адашып Тажикстанга келип калган орусиялык студентке Коргон-Төбөгө экскурсия уюштуруп бергени кабарланды. Кечкисин Евгений Самошкин Коргон-Төбөдөн Бишкек жана Москва аркылуу Якутск шаарына кайтып кетти. (BAz)

XS
SM
MD
LG