Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Харьковдо орусиячыл активисттер митинг өткөрүүдө


Харьковдогу облустук акимиятка чабуул жасалды (тасма)
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

Харьковдогу облустук акимиятка чабуул жасалды (тасма). 01.3.2014.

Орусиячыл активисттер Украинанын Харьков шаарындагы Харьков облустук администрациясынын имаратына кирип барышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Харьковдогу кабарчысынын маалымдаганына караганда, чабуул койгондор имаратка кирүү үчүн жаш агызчу газ чачыратып, терезелерди сындырышты. Жанындагы аянтта москвачыл демонстранттар Орусиянын желегин көтөрүп, “Орусия! Орусия!” деген ураан чакырып турушту.

Кабарчынын айтымында, аянттан атылган куралдын добушу угулуп жатты.

Чыгыштагы дагы бир шаарда – Донецкте кремлчил демонстранттар облус администрациясынын имаратын курчоого алып, Украинанын улуттук туусун Орусиянын туусуна алмаштырып салышты.

XS
SM
MD
LG