Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Киев Крымдын жетекчисин мыйзамсыз деп эсептейт


Украинанын утурумдук президенти Олександр Турчинов Крымдын жаңы премьер-министринин дайындалышы мыйзамсыз деген токтомго кол койду.

Бейшембиде автономиянын парламенти тарабынан бул кызматка дайындалган Сергей Аксенов Орусиядан бейпилдикти сактоого жардам берүүнү өтүнгөн. Ал ошондой эле жарым аралдын бардык аскерлери, полиция, чек арачылар жана коопсуздук күчтөрү премьердин гана буйругун аткарууга тийиш деп билдирди. Аксенов бул буйрукка макул болбогондор кызматтарынан кетсин деп эскертти. Жума күнү Крымдын негизги аэропортуна орус аскерлери деп болжолдонгон куралчан адамдар жайгаштырылган. Дагы бир маалыматтарга караганда, түн ичинде орусиялык учактар жүздөгөн аскерлерди ташып келди.

Украинанын коргоо министри Игорь Тенюх Орусия Крымга 6 миң аскер жана оор техника жибергенин айыптады.

Турчинов Москваны Крымдагы агрессия үчүн айыптап, Путинди провокацияларды токтотууга жана аскерлерди алып чыгууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG