Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 07:28

Украинада аскерге мобилизация жарыяланат


Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасы Андрий Парубий запастагы аскерлер армиянын катарына чакыртылаарын билдирди. "Мобилизация Украинанын коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн керек", - деп кошумчалады Парубий.

Кечээ Орусия парламентинин жогорку палатасы Крымдагы базаны жана этникалык орустарды коргоо үчүн орус армиясын Украина аймагында пайдаланууга уруксат берген. Анын алдында Украинанын коргоо министри Игорь Тенюх Орусияны 6 миң аскерин жана оор техника жөнөткөнүн айыптаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG