Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Расмуссен: Орусия Европаны коркунучка кептөөдө


НАТОнун баш катычысы Орусия бүтүндөй Европаны коркунучка кептеди деп билдирди:

- Түндүк Атлантика кеңешин чогултууга – Орусиянын Украинадагы аскердик акциясы жана президент Путиндин суверендүү мамлекетти опузалоосу себеп болду. Орусиянын Украинада жасап аткандары БУУнун хартиясынын принциптерин бузат. Европадагы бейпилдикке жана коопсуздукка кооп туудурат. Орусия аскерий аракеттерин жана коркутуп-үркүтүүлөрүн токтотууга тийиш, - деди Андерс Фог Расмуссен НАТОнун жыйыны алдында.

Кеңештин чукул жолугшуусу Польшанын демилгеси боюнча өткөрүлүүдө. Орусиянын кошуна Украинага ыктымал интервенциясы Варшаваны өзгөчө кооптондурат. Ал эми Түндүк Альянс менен Украинанын жыйыны эртең Брюсселде болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG