Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Орусия “байланыш тобу” менен диалогго барууга макул


Германиянын билдирүүсүнө караганда, орус президенти Владимир Путин Украина боюнча “байланыш тобун” түзүүгө макул. Канцлер Ангела Меркел менен Владимир Путиндин жекшембидеги телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, орус президенти Украина боюнча саясий диалог жүргүзүү үчүн ЕККУнун астында “байланыш тобун” түзүүгө макулдугун билдирген. Меркел ошондой эле Орусия эл аралык мыйзамдарды бузуу менен Украинага кирип барды деп айыптаган.

Бул арада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шейшемби күнү Киевге келип, украин өкмөтүнө колдоо көрсөтөрү кабарланды. Керри Орусия Украинага агрессия жасады деп буга чейин айыптаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG