Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Казакстанда жол кырсыгынан 8 кыргызстандык мерт болду


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык 2-март күнү кечинде Алматы - Ташкент жолунда болгон. Кыргызстандыктар түшкөн "Мерседес" үлгүсүндөгү кичи автобус чоң автобус менен кагышкан.

Кырсыктан 9 адам набыт болгон. Алардын сегизи кыргызстандык жарандар экени айтылууда. Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери каза тапкан жана жабыркагандардын тек-жайын аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG