Бишкектеги №4 төрөтканада ымыркай алмаштырылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Амангелди Мурзалиев билдирди. Анын айтымында, окуя 27-февралда болгон. Төрөлгөн эркек баланын ордуна ата-энеге чарчап калган кыздын сөөгүн бергени үчүн деген айып менен 3 доктур жана 3 акушер иштен алынды. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. (RK)