Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Жол кырсыгынан мерт кеткендердин аты-жөнү такталууда


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Учурда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу Казакстандын Жамбыл облусунун аймагындагы жол кырсыгынан каза тапкандар жана жараат алгандардын аты-жөнүн аныктоо боюнча иштеп жатат. Консулдуктун өкүлү Бакыт Кадыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, кырсыктан каза тапкандардын жетөө кыргыз жарандары экени аныкталды.

Кечээ кечинде Жамбылда Алматы – Ташкент жолунда кыргызстандыктар түшкөн "Мерседес" кичи автобусу чоң автобус менен сүзүшкөн.

Кырсыктан 9 адам набыт болгон. Алардын сегизи кыргызстандык экени айтылган болчу.(BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG