Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Пакистан сотуна жасалган чабуулда 11 адам өлдү


3-мартта Исламабадда райондук сотко жасалган чабуулда кеминде 11 адам өлдү. 20дан ашык адам жарадар болду. Ассошэйтед пресс агенттигинин Исламабад полициясынын өкүлү Наби Аванга таянып кабарлашынча, сот кеңсесине белгисиз куралчандар гранаталарды ыргытып, чабуул коюшкан. Исламабад полициясынын акими Искендер Хаяттын билдиришинче, эки жанкечти имаратка кирип барып, бомба жардырган. Пакистан телеберүүсү райондук сотко коңшулаш үйлөрдүн терезелери күбүлүп түшкөн, адамдар өлгөндөрдү көтөрүп бараткан тасмаларды көрсөттү. Бир күн илгери Пакистан өкмөтү козголоңчулар бир айга ок атууну токтотконуна жооп кылып, талиптерге абадан сокку урууну токтоткон.

XS
SM
MD
LG