Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

АКШ ЕККУга Украинага миссия жөнөтүүнү сунуш кылды


АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмундагы (ЕККУ) элчиси береги уюмду Украинага “саалгытпай” өз байкоочуларын жөнөтүүгө үндөдү. Элчи Даниел Бэйер кайрылууну ЕККУнун бүгүн 3-мартта Венада ачылчу саммити алдында жасады.

Бэйердин айтымында, байкоочулардын миссиясы “кырдаалга байкоо жүргүзүү жана чатактын алдын алууга, аз улуттардын укуктарынын сакталышына кепилдик болууга, Украинанын территориалдык бүтүндүгүн урматтоого жана региондо тынчтыктын, туруктуулуктун, коопсуздуктун сакталышына салым кошуу” болууга тийиш.

Бүгүн БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Женевада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинадагы жагдайды талкуулайт. Бул маселе Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги шашылыш жыйынында да каралууда.

XS
SM
MD
LG