Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

“12 жыл кулдукта” фильми Оскар сыйлыгын алды


АКШ Киноакадемиясынын Оскар сыйлыгынын 86-жолку жеңүүчүлөрү аныкталды. Эң мыкты көркөм фильм сыйылыгы “12 жыл кулдукта” деп аталган тарыхый драмага ыйгарылды. Режиссер Стив МакКуин тарткан бул фильм “кулчулукту баштан кечирген бардык адамдарга” арналган. Көркөм тасма Нью-Йоркто уурдалып, Луизиана штатында кулдукка сатылган ынды кара Соломон Нортаптын 1853-жылы басмадан чыккан эскерүүсүнүн негизинде тартылган. Алфонсо Куарондун “Гравитация” деп аталган картинасы мыкты музыка, мыкты оператордук иш, мыкты монтаж, мыкты визуалдык эффекти болуп, техникалык чеберчилиги үчүн бардыгы алты Оскар менен сыйланды.

Эң мыкты эркек актер деп “Кардарлардын Даллас клубу” фильминде Рон Вудруфтун ролун аткарган Маттю МакКонахи аталды. Кейт Бланшеттке Вуди Аллендин “Көгүлтүр жасмин” фильминдеги ролу үчүн эң мыкты аял актриса сыйлыгы тапшырылды.

XS
SM
MD
LG