Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Кыргыз сүрөт өнөрүнүн үлгүлөрү Лондон көргөзмөсүндө


"Сотбис" тоорук галереясы.

"Сотбис" тоорук галереясы.

Дүйнөдөгү белгилүү "Сотбис" (Sotheby's) тоорук галереясында "Кесилиш жолдо 2: Стамбулдан Кабулга чейинки заманбап көркөм өнөр" көргөзмөсүндө төрт кыргыз сүрөткеринин эмгектери тартууланат. Аталган көргөзмө 27-марттан 2-апрелге чейин Лондондун чок ортосундагы Киңг-стритте өтөт. Бул тууралуу аталган аукцион үйү кабарлады.

"Сотбистин" маалымдашынча, бул көргөзмөгө Кыргызстандан Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана белгилүү дизайнер Евгений Бойковдун 2002-жылы тартылган "Жибек жолу" сүрөтү, Канзада Клаус сыйлыгынын 2010-жылкы номинанттары, жубайлар Гүлнара Касмалиева жана Муратбек Жумалиевдин 2007-жылы тартылган "Кербен жана ит", "Түнкү кербен" фотосүрөттөрү, Лондондо жашаган 25 жаштагы кыргызстандык Аза Шаденин 2011-жылы Ивановка айылында тартылган "Доор рухунун коёну" видеотасмасы тартууланат.

Аталган кыргыз искусство чеберлеринин эмгектери Лондонго чейин Буэнос-Айрес, Венеция, Гүмри, Женева, Кардифф, Милан, Нью-Йорк, Салоники, Хельсинки, Чикаго жана Шанхай шаарларынын мартабалуу галереяларында көргөзүлгөн.

Былтыр "Сотбистеги" көргөзмөгө Кыргызстан тарыхта алгачкы жолу катышкан. Кыргызстандан Алымжан Жоробековдун "Коммунизмдин карааны" фотосүрөтү, Аза Шаденин "Айдан" сүрөтү, ошондой эле жубайлар Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиевдин "Жаз" деген видео инсталляциялары коомчулуктун назарына коюлган.

Кыргызстандан сырткары Борбор Азия, Кавказ, Түркия, Ооганстан жана Ирандын көркөм өнөр чеберлеринин эмгектери британ коомчулугунун назарына коюлат. Бул көргөзмө аталган өлкөлөрдөгү байыркы доордон азыркы күнгө чейинки маданий жана коомдук байланыштар, алардын заманбап көркөм өнөрдөгү ордун чагылдыруу максатын көздөйт.

"Сотбис" аукцион үйү 1744-жылы негизделген жана дүйнөнүн 40 өлкөсүндө өкүлчүлүгү бар эл аралык лидер. Ал эски баалуу буюмдар жана көркөм өнөр чыгармалары сатылуучу дүйнөдөгү эң абройлуу жайлардын бири эсептелет. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG