Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Улуттук банк акча базарындагы абалды көзөмөлдөөдө


Бул тууралуу Улуттук банктын төрага орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин билдирди. Анын айтымында, доллардын кескин кымбатташына байланыштуу акча алмаштыруучу жайлардагы чайкоочулукка жол бербөө үчүн аракет көрүп жатат. Азыркыга чейин 66 акча алмаштыруу жайга эскертүү берилип, 33үнүн лизенциясы токтотулду.

Акыркы үч күндө сомдун курсу кескин арзандады. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллар сатып алуу 52 сом 43 тыйын, сатуу 53 сом 95 тыйын болсо, акча алмаштыруу жайларда бүгүн долларды сатуунун наркын 60 сомго чейин коюп алды. Улуттук Банк бул кырдаалды Украина жана Орусиядагы акыркы окуяларга байланыштырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG