Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

ЕБ министрлери Украинадагы жагдайды талкуулоодо


Украинадагы кырдаал Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги шашылыш жыйынында талкууланууда. 3-марттагы жыйын алдында Ирланиядынын тышкы иштер министри Иман Гилмор кабарчыларга:
"Санкция маселеси, бул вариант, бүгүн каралат. Бирок бул жерде Европа Биримдиги тарабынан Украинаны колдоо, ЕККУну жана Европа Кеңешин колдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алыныш керек. Бул Орусияга күчтүү эскертүү болот. Санкция көрүлчү чаралардын бир бөлүгү болот,"- деди.

Жапония Украиндагы кырдаалга “чочулоосун жана кооптонгонун” билдирди. Орусиялык аскерлердин Крымдагы кадамдары “региондогу чыңалууну күчөтөт, эл аралык тынчтыкка жана туруктуулукка зыян келтирет,” - деп айтылат Жапониянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG