Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Донецкиде орусиячылдар облбийликти алмаштырууга аракет кылууда


3-мартта орусиячыл демонстранттар Украинанын чыгышындагы Донецк шаарында облустук администрациянын бир бөлүгүн басып алышты. Кабарларга караганда, алар имараттын 1-2-кабаттарын ээлеп алышты жана имараттын төбөсүндө үч күндөн бери Орусиянын желеги желбирөөдө. Имаратка кирген журналисттер полициянын коштоосунда сыртка айдап чыгарылган.

Бүгүн эртең менен бир нече миң орусиячыл демонстранттар облбийликтин алдына чогулуп, Украинанын жаңы бийлиги дайындаган регион башчысын кызматтан кетүүгө чакырып, анын ордуна орусиячыл адамды отургузууну талап кылышты.

Түштүктөгү Одесса облусунда да бир нече жүз орусиячыл демонстранттар облбийликтин имаратын басып алганга аракет кылышты.

XS
SM
MD
LG