Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Орусия Украинага аскер киргизүүнү Янукович суранганын билдирди


Бириккен Улуттар Уюмундагы орус элчиси Виталий Чуркин Украинада мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу үчүн аскер киргизүүнү Москвадан Виктор Янукович өтүнгөнүн билдирди. Бул тууралуу орус элчиси дүйшөмбү күнү Коопсуздук Кеңештин чукул жыйынында билдирди. Чуркиндин айтымында, Янукович Владимир Путинге ишемби күнү кат менен кайрылган. АКШ жана Британиянын БУУдагы элчилери аны Украинага бастырып кирүүнү актоо үчүн жасалган болбогон аракет катары баалашты. Украинанын бийлигинин маалыматы боюнча, орус аскерлеринин Крым чөлкөмүнө бастырып кирүүсү токтой элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG