Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Бишкекте белгилүү азери жазуучусунун кечеси өтөт


Бүгүн Азербайжан эл жазуучусу Анар Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында чыгармачылык жолугушуу-кече өткөрөт. Бул маданий иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен уюштурулууда.

Анар Расул оглы Рзаев 1938-жылы Бакуда акындардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Расул Рза, апасы Нигяр Рафибейли Азербайжанда белгилүү акындар болгон. Анар ар тараптуу таланттуу адам. Бала кезинде музыкалык мектепте окуп, жогорку окуу жайдын филология факультетин бүткөн соң, Москвадагы сценаристтердин жогорку курсун аяктаган.

Анын чыгармалары боюнча “Күнүгө түнкү он бирде”, “Дагы бир күн өттү”, “Тахмина” жана башка фильмдер тартылган. Анар Рзаев көп жыл залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов башкарган түрк тилдүү мамлекеттердин жазуучулар Союзунун алгачкы жетекчиси болуп иштеген. (ATe)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG