Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

SIM-карта паспорт менен гана сатылат


8-марттан тарта Кыргызстанда SIM-карталар паспорт менен гана сатылат. Уюлдук телефонго салынчу карталарды паспорт менен каттоо бекер жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Чынгыз Бекташов билдирди.

Анын айтымында, SIM-картаны мурда сатып алган бардык абоненттер бир жылдын ичинде өз уюлдук оператору менен келишим түзүш керек, болбосо тейлөө токтотулат.

Расмий маалымат боюнча, азыр өлкө ичинде 6,5 миллион SIM-карта колдонууда.

Өкмөттүн жаңы кабыл алган токтомуна ылайык, оператор менен сатып алуучунун ортосунда келишим түзүлөт. Адистер муну менен коопсуздукту камсыз кылуу жакшырып, кылмыштуулук кыйла кыскараарына үмүт кылууда. Айрымдары Кыргызстандагы уюлдук компаниялар бул өзгөрүүгө даяр эместигин белгилөөдө. (EzK)

XS
SM
MD
LG